Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
04/10 09:23
 

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандан энергетикалык тармагын өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуу – мезгилдин талабы

Бишкек, 4-октябрь /Кабар/. Кыргызстандан энергетикалык тармагын өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгуу – мезгилдин талабы, деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКтын 2016-жылдын 9 айы үчүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңешмеде. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңешмеде «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын төрагасы Айбек Калиев маалымдагандай, учурда жумушчу топ өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүү Концепциясын иштеп чыгууда.

Премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы өнүктүрүүгө муктаж болгон зор энергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. «Концепцияда өлкөнүн энергетикалык тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, анын ичинде кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү, электрди ташуу жана аны бөлүштүрүү маселелери чагылдырылышы керек», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тармактардагы жүктү жеңилдетүү жана техникалык шарттарды сунуштоо маселесине тийиштүү белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын энергетикалык өнүгүүсү өткөн кылымдын 80-90-жылдарынын деңгээлинде калууда. «Керектөөчүлөрдүн рыногу кеңейишине байланыштуу борборубуз электр энергиясын ташууда кыйынчылыктарга тушугууда. Муну эске алуу менен кошумча кубаттуулук берүүчү борборлорду куруу ишин тез арада баштоо зарыл», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Айбек Калиев маалымдагандай, Бишкек шаары үчүн «Бишкек» жана «Северная» кошумча подстанцияларын куруу иштери башталды. 2018-жылдын ортосунда эки подстанция ишке берилет, натыйжада, тармактарга күч келүү маселеси чечилет.
Белгилесек, үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрында Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун жетекчилиги астында инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына технологиялык кошулуу үчүн акы орнотуу маселеси боюнча кеңешме өткөрүлгөн.

Өкмөт башчы өнөр жай өндүрүүчүлөрүн колдоо жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына технологиялык кошулуусу үчүн акынын көлөмүн төмөндөтүү тапшырмасын берген. Буга катар айыл чарба, кичи жана орто бизнес жана социалдык объектилердин өзгөчөлүгүн эске алуу керек.

Кеңешме учурунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков электр энергиясынын жоготууларын кыскартуу жана карыздарды төлөтүү боюнча ишти улантуу зарылдыгына бурду. «Ал үчүн электр энергиясын коммерциялык эсепке алуу автоматташтырылган тутумун (АСКУЭ) – «акылдуу эсептегичтерди» орнотуу боюнча ишти улантуу керек. Мындай тутумдаштырылган мамиле жоготууларды, төлөмдөрдү чогултууну жана тамактарды жеңилдетүүнү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев маалымдагандай, республика боюнча 400 миң «акылдуу эсептегичтерди» орнотууну каржылоо үчүн Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен сүйлөшүлөр жүргүзүлүүдө. Негизги талап катары эсептегичтер Кыргызстандын аймагында гана өндүрүлүшү керек. Бүгүнкү күндө республика боюнча «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК эсебинен 20 миң «акылдуу эсептегич» орнотулган.

«Аталган эсептегичтер орнотулган соң электр энергиясынын жогоготуулары жылына 500 млн кВт/сааттан ашык көлөмдү түзөт, бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын жалпы пландык жоготуулары жылына 15%дан 11%га төмөндөйт. Орнотулган алгачкы жылы жоготуулар 2%га кыскарып, өлкө бюджети 220 млн сомго толукталат. Буга катар модернизация алкагында Бишкек шаардык ЖЭБ кубаттуулугун 300 мегаваттка жогорулатуу пландаштырылууда», – деп белгиледи Айбек Калиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу