03.10.2016, 15:57

Быйыл сентябрда кыргызстандыктар 527,867 млн кВт/саат электр энергиясын сарпташты

Бишкек, 3-октябрь /Кабар/. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКнын Борбордук диспетчердик кызыматынын ыкчам маалыматы боюнча “Түндүк электр” ААК, “Чыгыш электр” ААК, “Ош электр” ААК жана "Жалал-Абад электр" ААКнын энергия бөлүштүрүүчү компанияларынын электр энергиясын колдонуусу 2016- жылы сентябрда 527,867 млн кВт/саатты түздү.

Ал эми 2015-жылы аталган ААКтардын энергия бөлүштүрүүчү компанияларынын электр энергиясын колдонуусу 539,623 млн кВт/саатты түзгөн деп белгиледи “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКнын басма сөз кызматы.