Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
03/10 12:13
 

Тармактык комитет Ысык-Атадагы логистикалык борбордун жана сертификациялоо лабораториясынын иши менен таанышууда

Бишкек, 3-октябрь /Кабар/. Бүгүн, 3-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «ЮниЛаб» ЖЧКнын иши менен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрүүдө. Көчмө жыйынга аталган комитеттин төрагасы Мирлан Бакиров, депутаттар Алмасбек Акматов, Асылбек Жээнбеков, Акылбек Жапаров, Мухтарбек Айнакулов жана аткаруу бийлигинин өкүлдөрү катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө комитет депутаттарына аталган ЖЧКнын жетекчилиги логистикалык борбор жана сертификациялоочу лаборатория тууралуу маалымат берип, алардын иштөө мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Логистикалык борбор жана сертификациялоочу лаборатория 37,3 гектар жерди ээлейт. Бул аянтта логистикалык борбордун иштөөсүн камсыз кылуу үчүн бир катар объекттер курулган. 4,7 га аймак убактылуу сактоо кампалары менен жабдылган, бажылык иш-чараларды жол-жоболоштуруу үчүн орун (200м2), лаборатория имараты (1070м2) бар, камсыздандыруу уюму жана бажы өкүлчүлүгү үчүн кеңселер курулган, эстакадолуу тараза, карап текшерүү аянты, коомдук тамактануу (ашкана) пункту жана башкалар жайгашкан.

Мындан сырткары, 200 000 (эки жүз миң) тонна айыл чарба продукцияларын сактоо үчүн муздаткыч жабдуулары коюлган заманбап кампаларды куруу үчүн финансылык каражаттары бар, ошондой эле аларды кайра иштетүү үчүн ишкана куруу пландары бар.

Логистикалык борбор жана сертификаттоо лабораториясын кыдырып чыккан соң, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин депутаттары КР Өкмөтүнүн, Айыл чарба министрлиги баштаган тиешелүү мекеме жетекчилери менен бирдикте, республикадагы дыйкандар өндүргөн продукцияларды өлкө сыртына чыгаруу маселеси жаатында аталган ЖЧКнын мындан аркы иш-аракети боюнча тиешелүү чечим кабыл алышмакчы.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу