30.09.2016, 16:59

Бишкекте КРдагы реиндустриализация процессинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролу талкууланат

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. Кыргыз-Россия Славян университетинде 3-октябрда “Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана КРдагы реиндустриализация процессинде анын орду” аттуу илимий-практикалык жыйын болот.

ЖОЖдун басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жана КР экономикасында реиндустриализация жүргүзүү жана ошондой эле, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун активдерин натыйжалуу колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу маселелери козголот.

Бул маселелерди талкуулоо үчүн КРнын илим коомчулугунун өкүлдөрү чакырылыган. Жыйынга Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы К.Кулматов жана фонддун кызматкерлери катышат.