Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/09 15:09
 

Болсунбек Казаков: Биз интернеттин баасын түшүрүш үчүн бардык чараларды пайдаланабыз

Болсунбек Казаков: Биз интернеттин баасын түшүрүш үчүн бардык чараларды пайдаланабыз

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. Биз интернеттин баасын түшүрүш үчүн бардык чараларды пайдаланабыз. Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн “Эвроазиялык экономикалык биримдикте антимонополияны жөнгө салуу”деген аталыштагы эл аралык конференцияда КР антимонополияны жөнгө салуу агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди.

Анын айтымында, 5-октябрда интернет тейлөөсүнүн кымбатташына байланыштуу Казакстан жана Кыргызстан операторлорунун жолугуушусу болот. Ага тейлөө абалды чечүүгө тиешеси бар органдар катышат.

«2016-жылдын июль айында Кыргызстандын операторлору Казакстан компанияларынын 1-августтан баштап интернеттин баасы жогорулайт деген билдирүү алышкан. Кыргызстандын монополияга каршы мамлекеттик агенттиги Казакстандын монополияга каршы агенттигине мындай жаңжалды болтурбоого таасир көрсөтүү үчүн кат жөнөткөн”,-деп түшүндүрдү ал.

“Биз Москвада бул маселе боюнча жолугушутук. Россия өздөрү тараптан эч кандай жогорулатуу болбогонун белгилейт, мындан тышкары алар бүгүнкү күндөгү дүйнөдө интернет тейлөөсүнүн наркы төмөндөгөнүн көрсөткөн анализди беришти”,-деди Б.Казаков.

Ошондой эле, ал Казакстан тарап бааны жогорулатууга байланыштуу өз позициясын билдиргенин айтты. “Биз тарифтин кымбатташына себеп болгон маалыматты сурадык. Казакстандын антимонополдук органы баардыгын Казакстандын мыйзамдарына ылайык чече тургандыгын билдиришти.
Эгерде тараптар 5-октябрга чейин чечим кабыл албаса жолугушуу Алматада өтөт. ЕАЭБ комисиясы өзүнүн иликтөөсүн жүргүзүшү зарыл”,-деп кошумчалады ал.
Ал ошондой эле, эгерде антимонополдук мыйзамдарга каршы жана негизсиз бааны жогорулатуу бар экени табылса, бул маселени айып салуу санкциясы менен чечүүгө ЕЭКтин ыйгарым укугу мүмкүнчүлүк берет дейт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу