Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/09 15:00
 

Нурлан Алдабергенов: “ЕАЭБ түзүлгөндөн бери көп тармактарда бааларды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү”

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) түзүлгөндөн бери көп тармактарда бааларды төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, айрыкча роумингге болгон тарифтер төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги “Евразия экономикалык биримдигинде монополияга каршы жөнгө салуу” аттуу эл аралык жыйында ЕЭКнын Монополияга каршы жөнгө салуу жана атаандаштык боюнча коллегиясынын мүчөсү Нурлан Алдабергенов билдирди.

Анын айтымында, тарифтер төмөндөгөнгө чейин роуминг өтө кымбаттап, абоненттик төлөмдүн 50%түзүп калган. Учурда 4%ды гана түзөт.

Ошондой эле, Н.Алдабергенов КРдагы жалпы жоболорду бузуунун санына токтолду.
“2015-жылы атандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу белгилери боюнча 16 билдирүү каралган, алардын жетөөсү такталган база жыйымы боюнча билдирүүлөр. Быйыл 4 билдирүү каралууда, учурда трансчекара товар рыногунда атаандаштык эрежелерин бузуу белгилери боюнча 2 иликтөө каралууда”,-деди Н.Алдабергенов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу