Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/09 12:42
 

Бишкекте “Евроазиялык экономикалык биримдикте монополияга каршы жөнгө салуу” деген темада эл аралык конференция өтүп жатат

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. Бишкекте “Евроазиялык экономикалык биримдикте монополияга каршы жөнгө салуу” деген темада эл аралык конференция өтүп жатат.

Аталган конференцияда Россия, Беларусь жана Казахстан мамлекеттеринин өкүлдөрү жана ЕАЭБ Сотунун судьялары, ЕАЭБге кирген мамлекет-мүчөлөрүнүн монополияга каршы жөнгө салуу органдарынын башчылары, экономикалык өнүктүрүү, энергетика, өнөр-жай жана соода, транспорт, бизнес коомчулугунун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана министрликтер катышууда.

Аталган эл аралык конференциянын алкагында катышуучулар ЕАЭБ мейкиндигиндеги базарларда атаандаштыктын бирдей шарттары менен камсыздоонун бир катар актуалдуу маселелерин, анын ичинде адилетсиз атаандаштык, атаандаштыкка каршы келишимдер, өнөр жай тармагында үстөмдүк абалдан кыянаттык менен пайдалануу, андан тышкары транспорт жана байланыш маселелерин талкуулоону пландашууда.

Мындан сырткары, мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана ЕАЭБ мү-өлкөлөрдүн ичинде мобилдик байланыш тармагындагы тоскоолдуктарды чечүү, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин мобилдик байланыш чөйрөсүндөгү коркунучтарды жоюу, ЕАЭБ базарларында дистрибьютордук жана чайкоочулукка макылдашуу түзүүдө атаандаштыкка каршы практика жана башкалар талкууланат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу