Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/09 09:35
 

9 айда республикалык бюджеттин эсебинен 14 социалдык объект, «Жерүй» кенинин эсебинен 8 объект курулду

Бишкек, 30-сентябрь /Кабар/. 2016-жылдын 9 айында республикалык бюджеттин эсебинен 14, “Жерүй” кенинин эсебинен 8 объект курулду. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

2016-жылдын 29-сентябрына карата республикалык бюджеттин эсебинен 13 объектти куруу иштери аяктады:
- мектептер жана аларга тиешелүү спорт залдар – 10;
- маданият объекттери – 2;
- саламаттыкты сактоо объекттери – 1;

Ошондой эле, анын ичинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду куруу жана реконструкциялоо бар.
Бардыгы болуп 14 объекттин курулушу аяктады.
2016-жылы республика боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 27 социалдык объекттин курулушу пландаштырылган, анын ичинен:
- мектептер жана аларга тиешелүү спорт залдар – 18;
- маданият объекттери – 2;
- саламаттыкты сактоо объекттери – 4;
- спорт комплекси – 1;
- бала бакча – 1;
- көпүрө – 1.

Мындан тышкары, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромду куруу жана реконструкциялоону аяктоо пландаштырылган.
Жыл аягына чейин калган 14 объекттин курулушун бүтүрүү каралууда.
- Сентябрдын аягына чейин – 2;
- Октябрда – 8;
- Ноябрда – 3;
- Декабрда – 1.

«Жерүйдүн» каражаттарынын эсебинен жыл аягына чейин объекттерди өз убагында каржылоонун алкагында 64 билим берүү объектинин курулушун аяктоо пландаштырылган. Анын ичинен областтар боюнча:
- Баткен облусу – 15 объект,
- Жалал-Абад облусу – 10 объект,
- Ысык-Көл облусу – 6 объект,
- Нарын облусу – 5 объект,
- Ош облусу – 28 объект.

2016-жылдын 5-сентябрына карата республика боюнча 8 билим берүү объектинин курулушу аяктады, анын ичинен;
- Баткен облусу – 2 объект,
- Жалал-Абад облусу – 2 объект,
- Ысык-Көл облусу – 2 объект,
- Ош облусу – 2 объект.

Жыл аягына чейин калган 56 билим берүү объектинин курулушун аяктоо пландаштырылууда.
- Сентябрдын аягына чейин - 7;
- Октябрда – 13;
- Ноябрда – 21;
- Декабрда – 15.

Мындан тышкары, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы Түркия мамлекетинин насыясынын каражаттарынан каржыланган мектептин спорт залынын курулушу жана Казакстандын гранттык каражаттарынан каржыланган Ош шаарынын Жийделик айылындагы 500 орундуу мектептин курулушу аяктады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу