Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
28/09 15:38
 

2016-2017-жылдарга калктын аз камсыз болгон катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди

 2016-2017-жылдарга калктын аз камсыз болгон катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиеванын төрагалыгы астында калктын аз камсыз болгон катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча кеңештин биринчи кеңешмеси болуп, 2016-2017-жылдарга багытталган иш-чаралардын планы кароого коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кеңеш мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы өз ара натыйжалуу карым-катышты камсыз кылуу менен өлкөдөгү аз камсыз болгон калктын катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча макулдашылган чараларды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн.

Жыйын жүрүшүндө кеңештин мүчөлөрү 2016-2017-жылдарга калктын аз камсыз болгон катмарынын жашоо деңгээлин көтөрүү боюнча иш чаралардын планын бекитти.

Иш-чаралар планынын алкагында аймактарда айыл чарба өндүрүшүнө үйрөтүү боюнча кыска мөөнөттүү окуу курстарын, стационардык жана мезгилдик эмгек биржасы уюмдарын түзүү, аз камсыз болгон үй бүлөлөр үчүн ишкердиктин негиздерин окутууну уюштуруу каралган.

Ошондой эле, Өкмөттүн планында жетим балдарды, интернаттык типтеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн турак-жай менен камсыздоо механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү, мүмкүнчүлүгү чектелген жактарды талапка ылайык кесипке окутуу боюнча курстарды уюштуруу жана жетим балдар үчүн «Балдар депозитин» киргизүү каралууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу