Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
28/09 09:20
 

Өкмөт башчы жылуулук сезонуна карата даярдыктын жүрүшүн канааттандыраарлык деп тааныды

Өкмөт башчы жылуулук сезонуна карата даярдыктын жүрүшүн канааттандыраарлык деп тааныды

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында жылуулук сезонуна карата иштин жүрүшү канааттандыралык деп билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Анда белгиленгендей, быйылкы жылдагы климаттык жагымдуу шарт жана суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу режими менен бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында кошумча суу көлөмүн чогултууга мүмкүнчүлүк болду. Азыркы кезде суунун көлөмү 17 млрд куб метрди түздү, бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 млрд куб метрге көп.
«Бардык облустар электр энергиясын керектөө лимити боюнча тапшырманы аткаруу менен оң жыйынтыкка жетиштик. Калктын жана бюджеттик мекемелердин бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын алдындагы карыздары азайды. Ошондуктан министрликтер менен ведомстволордун жетекчилеринен аталган маселени дайыма көзөмөлгө алуусун өтүнөм», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жалпысынан энергокомпаниялар боюнча ремонт иштери белгиленген графикке ылайык толук көлөмдө ишке ашырылууда. Аны менен бирге Кызыл-Кыя жана Кара-Көл шаарларынын жылытуучу от казандарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүү, мындан тышкары, Бишкек шаарындагы «Ленин атындагы завод» ПС 110 кВ подстанциясынын иши боюнча дагы тапшырмалар аткарылбай калууда.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК жетекчисине бир айдын аралыгында аталган маселени чечүүнүн оптималдуу вариантын ар тараптуу иштеп чыгууну тапшырды. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетине өткөн жылы орун алган Токтогул ГЭСиндеги аварияны эске алуу менен республикадагы ГЭСтердеги бардык генератордук агрегаттарын дыкат техникалык текшерүүдөн өткөрүү зарылдыгын билдирди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу