Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
27/09 18:39
 

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөттүн эң актуалдуу милдеттеринин бири – электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында, Өкмөттүн эң актуалдуу милдеттеринин бири электр энергиясындагы жоготууларды азайтуу экенин билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, ушул жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча, республикалык электр түйүндөрүндөгү жоготуу 12,6% (786,8 млн. кВтс) түздү. Бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8% аз, бирок 2016-жылга бекитилген тапшырмадан 0,4 % жогору болду. «Түндүкэлектро» жана «Чыгышэлектро» ААК тарабынан жоготууларды азайтуу боюнча план аткарылган жок.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине ар бир бөлүштүрүүчү компанияларга жоготууларды пландагы көрсөткүчкө чейин азайтуу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу жана график түзүү жана «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК жетекчилигине жоготууларды көрсөтүлгөн деңгээлге чейин азайтууну жана электр энергиясын колдонууну көзөмөлдөп туруучу автоматташтырылган тутумду өздөштүрүү иштерин тездетүүнү жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ушул жылдын 8 айында электр энергиясын колдонууну көзөмөлдөп туруучу автоматташтырылган системаны орнотуу планы 42% аткарылды. Премьер-министр калкты отун менен камсыздоо маселеси актуалдуу эсептелээрин баса белгиледи. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тараптан көмүрдү сатып алууда тендерлер кеч өткөрүлгөн.

Аны менен катар ИИМ жана ЖАМК мекемелери тараптан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине убагында тиешелүү документтердин берилбегендиги үчүн каржылоо маселеси кечиккендиктен кышка карата даярдык иштери баштала элек.

«Август айында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча Республикалык штабдын жыйынында Баткен, Ош жана Жалал-Абадской областтарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан отун алууга каржылоонун жоктугуна арызданган. Бирок негизги себеп катары тийиштүү документтердин Финансы министрлигине кеч берилишине байланыштуу экендиги аныкталууда. Ошондуктан Өкмөттүн ар-бир Ыйгарым укуктуу өкүлү абалды жеке көзөмөлүнө алып, тактоосу зарыл», – деп тапшырды Өкмөт башчы.
Жыйынтыгында Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, Нарын облусун эсепке албаганда (муктаждыктын 8,0% камдалган), бардык облустар боюнча калк үчүн көмүр камдоо иши учурдагы пландан алга атарылууда.

«Нарын облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү калкты көмүр менен камсыздоо боюнча планды аткаруу ишин тездетүүсү керек. Эки жумалык мөөнөттө Өкмөткө маалымат берүүсү тийиш. Буга катар Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы Бишкек шаарынын ЖЭБи үчүн жергиликтүү көмүр жеткирүү ишин тездетүүсү зарыл. Район акимдери Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен биргеликте көмүргө карата чекене баага үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүүнү уюштурсун», – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу