Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/09 17:20
 

Йохони Тойвонен: “Кыргызстанда балык өндүрүүгө бардык шарттар жана ресурстар бар”

 Йохони Тойвонен: “Кыргызстанда балык өндүрүүгө бардык шарттар жана ресурстар бар”

Бишкек, 27-сентябрь /Рахат Саламатова-Кабар/. Кыргызстанда балык өндүрүү боюнча бардык шарттар жана ресурстар бар. Бул тууралуу Токтогул районунун Торкен айылында “Токтогул балыгы” ассоциациясынын базасында карп жана форелдин уруктарын инкубациялоо жана атайын тоюттарды даярдоо цехтеринин ачылышында Финляндия тышкы иштер министрлигинин маанилүү тапшырмалар боюнча элчиси Йохони Тойвонен билдирди.

Анын айтымында, балык чарба өндүрүү тармагы боюнча ФАО 2009-жылдан бери Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келет. “Аталган убакыттын ичинде бул тармакта учурда жигердүү иштеп баштаган ассоциациялардын өкүлдөрүнө керектүү маалыматтарды берип, окутууларды жүргүзүп жана материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөттүк. Эми мындан ары Кыргызстандын жарандары эч кандай донорлордун колдоосу жок эле өз алдынча өнүгүүлөрүнө толук мүмкүнчүлүк бар. Кыргызстандын табияты, негизи эле бул тармак үчүн абдан ыңгайлуу шарттары бар. Тоюттандыруу жагынан дагы ички рыногунан керектүү азык-түлүктөрдү алса болот. ФАО тараптан 2018-2019-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Кооперативдер үлгү катары түзүлүп жатат, мындан ары балык өндүрүү тармагы өнүгөөрүнө үмүт чоң”, - деди Й.Тойвонен.

Ошондой эле, ал өз сөзүндө Кыргызстанда аквамаданиятты өнүктүрүү менен бирге 1 жылда атайын “Балык күнүн” белгилөө тууралуу сунуштар болуп жаткандыгын кошумчалады.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу