Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
27/09 17:16
 

2016-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда 762 миң тонна көмүр өндүрүлгөн

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. 2016-жылдын январь-август айларында Кыргызстанда 762 миң тоннадан ашык көмүр өндүрүлгөн. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшенбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 762 миң 600 тонна көмүр өндүрүлгөн же былтыркы жылдын ушул убактагы көрсөткүчү менен 81% түзөт.
Түндүк аймакта 311 тонна, ал эми түштүк аймакты, 342,8 тонна көмүр өндүрүлгөн.

«Өлкөдө көмүр казып алуу өткөн жылга салыштырмалуу 177,3 миң тоннага азайган. Мындай көрсөткүчтүн себеби жылуу климат шарттары эсептелет. Ошондой эле, ал “Кыргызкөмүр” МИ жамаатынын оор мамилелери дагы мындай көрсөткүчтөрдүн себеби деп билүүгө болот. Мындан улам “Кыргызкөмүр” МИнин башчысын алмаштыруу боюнча чечим кабыл алынган”,-деди Зилалиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу