Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/09 16:35
 

Финансы министрлиги: 2016-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 141 млрд 532 млн сомду түздү

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. 2016-жылы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси, МИПти (мамлекеттик инвестиция программасын) эске алганда 141 млрд 532 млн сомду же ИДПнын 31,1 % түздү. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КР каржы министри Адылбек Касмалиев билдирди.

Эскерте кетсек бүгүн өкмөттө “Республикалык бюджеттин 2016-жылга жана 2017-2018-жылдарга карата болжолу” тууралуу КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү Мыйзам долбоору каралууда.
Министрдин айтымында мамлекеттик бюджеттин кирешеси бекитилген пландан 99,4% көп болду.
Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси МИПтин грантын эске алганда 2016-жылы 125 млрд 955,8 млн сом же ИДПга карата 27,7%, бул 2016-жылдын бюджетине бекитилгенден 1 млрд 556,2 млн сомго көп”,-деди А.Касмалиев.

Өкмөттүн бюджет долбоору тууралуу негиздеме-справкасында айтылгандай, 2016-жылы мамбюджеттин чыгашаларга кеткен көлөмү 163 млрд 584,7 млн сом, бул 2016-жылы бекитилген бюджеттен 302,2 млн сомго кем.

Республикалык бюджеттин жалпы чыгашасынын көлөмү 148 млрд 007,7 млн сом өлчөмүндө бекитилген, бул азыркы бекитилген бюджеттен 1154,3 млн сомго көп.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу