Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
27/09 14:28
 

Чыныбай Турсунбеков тармактык комитеттин жетекчиси менен 2017-жылга карата республикалык бюджет тууралуу пикир алышты

Чыныбай Турсунбеков тармактык комитеттин жетекчиси менен 2017-жылга карата республикалык бюджет тууралуу пикир алышты

Бишкек, 27-сентябрь /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевди кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда 2017-жылга карата республикалык бюджеттин параметрлери талкууга алынды.

А.Шадиев маалымдагандай, «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринде кароодон өтүп жатат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков 2017-жылга карата республикалык бюджетте сунушталган таңсыктыктын көлөмүн азайтуу жана мамлекеттик казынадагы чыгашаларды оптимизациялоо максатында мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди кайрадан карап чыгууга чакырды. Ошондой эле, Төрага мектептердин, ооруканалардын курулушу сыяктуу социалдык сектордогу бүтпөй калган долбоорлорго артыкчылык берилип, курулуштарды бүткөрүү башкы максат болушу керектигин баса белгиледи.

Андан тышкары, жолугушууда бюджеттин киреше бөлүгү, анын ичинде, бажы жана салыктык түшүүлөр тууралуу сөз болду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу