23.09.2016, 15:49

2016-жылы республика боюнча быйылкыга пландалган бардык мептептердин курулушу жана оңдоо иштери бүтөт

Бишкек, 23-сентябрь /Кабар/. 2016-жылы республика боюнча быйылкыга пландалган бардык мептептердин курулушу жана оңдоо иштери бүтөт. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.

КР Өкмөтүнүн “Коопсуз мектептер жана балдар бакчалары” программасына ылайык, быйыл 200 объекттин курулушун жана капиталдык оңдоо иштерин бүткөрүү пландалган. 1-сентябрга чейин бул объекттердин 98и капиталдык оңдоодон өткөрүлдү. Суук түшкөнгө чейин калган объекттердин курулушун жана капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүн бүткөрүү пландалууда.