Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
23/09 10:01
 

Чүй жана Талас облустарынын райондук электр тармактарында “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери уланууда

Бишкек, 23-сентябрь /Кабар/. Чүй жана Талас облустарынын райондук электр тармактарында “акылдуу” (ЭКЭАМЧАС) эсептегичтерди орнотуу иштери улантылууда. “Түндүк электр” ААК орнотуу иштерин август айынын 3-декадасында баштаган. Бул тууралуу “Тщндщк электр” ААКтын басма сөз кызматы билдирди.

23-сентябрга болгон абал боюнча 18 300 “акылдуу” эсептегич орнотулду, анын ичинен:

Чүй облусуна - 16 567
Талас облусуна -1 733

Эскерте кетсек, бул эсеп приборлору биринчи катарда энергияны көп колдонгон ири керектөөчүлөргө жана жоготуулар нормативден аша чабылган көйгөйлүү участокторго орнотулууда. Жалпысынан “Түндүк электр” ААК инвестиция жана өз каржы эсебинен керектөөчүлөргө электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасы (ЭКЭАМЧАС) кошулган 54 425 миң үч фазалык GSM стандартындагы байланыш модулу менен “акылдуу” эсептегичтерин орнотот, анын ичинен:

Чүй облусуна- 49 425
Талас облусуна-5 000

ЭКЭАМЧАС эсептегичтери
• автоматтык түрдө көрсөткүчтү учур чак менен “Северэлектро” серверине жөнөтөт;
• кубаттуулуктун чегинен чыкса электр энергияны автоматтык түрдө өчүрөт;
• автоматтык түрдө аласа карыз үчүн өчүрүлөт жана төлөм кабыл алынган соң кошулат;
• эсептегич жабдыктын ишине тыштан кирүүгө жасалган аракеттер боюнча автоматтык түрдө маалымдайт.
ЭКЭАМЧАС эсептегичтери
• үзгүлтүксүз электр энергия менен камсыздоого
• берилген электр энергиянын сапатын жогорулатууга
• коррупцияны жок кылууга
• электр жабдуунун ашыкча жүктөмүн жокко чыгарууга жардам берет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу