Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
20/09 11:48
 

“Элкарт” улуттук төлөм системасы чиптик төлөм карттарын чыгарды

Бишкек, 20-сентябрь /Кабар/. “Элкарт” улуттук төлөм системасы чиптик төлөм карттарын чыгарды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде” өткөн маалымат жыйынында КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Лада Орозбаева билдирди.

Ал буга чейин карттар магниттик болгонун белгиледи. Ал эми “Банктар аралык процессингдик борбору” ЖАКтын директору Улан Жамалидинов чиптик карттар эл аралык стандарттарга ылайык чыгарылганын билдирди.

“Булар Visa же Master card сыяктуу системада. Жаңы карттардын өзгөчөлүгү – программалык платформада болгондугунда. Биздин бул төлөм карттарыбызда эми чиптер пайда болду, ал бир топ арттыкчылыкка ээ. Ага бир нече баяндамаларды жазууга болот. Башкы максат – банк системасы. Мындан ары ага банктык программаларды, ошондой эле социалдык маанидеги программаларды жазууга болот. Мисалы, биометрикалык маалыматтарды, электрондук кол коюларды жана башкаларды”-деди ал.

Маалыматка караганда “Элкарт” системасын колдонуу кызматын бүгүнкү күнү өлкөдөгү иштеп жаткан 25 коммерциялык банк жүзөгө ашырат. Картты колдонуу үчүн эсептерди банктар акысыз ачышат. “Элкарт” “Банктар аралык процессингдик борбор” ЖАК оператору болуп эсептелет. 2016-жылдын 20-сентябрына карата бардык коммерциялык банктарда кабыл алынуучу 350 миң “Элкарт” төлөм карты чыгарылган. Бул система күн сайын 4000 улуттук төлөм системасын ырастай алат.

«Элкарт» пластикалык картынын реквизиттери:
Бетинде: Чип; Карт №, анда жана контролдук символдор (16 цифрадан); Картаны колдонуу мөөнөтүнүн аякатышынын датасы (айы/күнү); Карттын ээсинин фамилиясы.
Аркы бетинде: Магниттик тилке; Кол коючу понель.

“Элкарттын” артыкчылыктары: акчаны өзү менен алып жүрүү зарылчылыгы жок; Күнүмдүк сатып алуулар үчүн төлөм жүргүзүүнүн ыңгайлуулугу; Акча каражаттарынын күнү-түнү жеткиликтүүлүгү; Үй-бүлө мүчөөлөрүнө пластикалык карттарды ачып берүү менен бирге алардын чыгашаларын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү; Персоналдуу ПИН-код – бейтаныш жактардын сиздин картаңыздан мыйзамсыз акчаны алып алуусунан коргойт”,-дешти Улуттук банктын өкүлдөрү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу