Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/09 14:51
 

Арзыбек Кожошев: 2017-жылы Өкмөт бардык экспорттоочуларга банктагы кредиттер боюнча пайыздык ченди азайтат

Бишкек, 19-сентябрь /Кабар/. Өкмөт бул жылы мамлекеттик ишкерлердин ишин кыйла жеңилдетти. Бул тууралуу ишкерлер күнүн белгилөө учурунда КР экономика министри Арзыбек Кожошев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, сатуудан салык алынып салынды. Башкача айтканда кийинки жылдын 1-январынан тарта экспорттон салык алынат. Кийин, накталай эмес төлөмдөргө өтөт. Бул продукциянын баасын 4%-12% чейин төмөндөтөт. Тилекке каршы, азыр кризис болуп жаткандыктан ал сезиле элек. Мындан тышкары, Өкмөт тарабынан фискалдык органдарды, бизнести жүргүзүү боюнча ыйгарым укукту азайтуу боюнча чоң иштер аткарылып жатат. Буга чейин алардын саны 21 болсо, бул көрсөткүч 13 пайызга чейин кыскарган, ал эми бул жылы ишкерлерди текшерүүнүн 2 органы алынып салынды”, - деди Экономика министри.
Ошондой эле, негизги маселелердин бири каражаттардын жетишсиздигин атады.

«Бүгүнкү күндө бул маселе Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу аркылуу чечилип жатат. Мындан тышкары, бюджеттен акча каражаттары бөлүнөт. Дыйкандарды каржылоо жүрүп жатат. Аларга бул жылы 400 млн сом бөлүндү. Каражатты дыйкандар банк аркылуу ала алышат. Кийинки жылы биз эки багытта иштегенге аракет кылып жатабыз. Биринчиден, дыйкандарды өлкөнүн бюджеттин эсебинен каржылайбыз. Экинчиден, бүгүнкү ири тапшырмалардын бири дыйкандардын азыктарын экспорттолушу. Ошондуктан, банктардан насыя алуу үчүн алардын пайыздык ченин азайтуу аркылуу экспорттоочуларга колдоо көрсөтүп жатабыз”, - деди А.Кожошев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу