Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
16/09 15:25
 

Индия Өкмөтү кыргыз ишкерлерин Варанаси шаарындагы көргөзмөгө катышууга чакырды

Бишкек, 16-сентябрь /Кабар/. Индия Өкмөтүнө караштуу Текстил өнөр жай министрлигинин алдындагы килем экспортун өнүктүрүү кеңеши кыргыз ишкерлерин үстүбүздөгү жылдын 3-6-октябрда, Индиянын Варанаси шаарында өтө турчу 32-көргөзмөгө чакырат.

Экономика министрлиги Индия өкүлчүлүгүнө шилтеме кылуу менен иш-чарага 280 ишкер жана Индиянын негизги килем чыгарган экспортерлор катышарын билдирди.

Уюштуруучулар тандалган сатып алуучулардын жол чыгымын жана кошумча Варанаси шаарындагы мейманканынын 2 күндүк наркын төлөп берет.
Каалоочулар www.indiacarpets.com. веб сайтынан форманы толтуруп, онлайн каттоодон өтсө болот.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу