Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
15/09 17:17
 

Өкмөт башчы фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо жана куруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт башчы фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо жана куруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Бишкек, 15-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-сентябрда өлкөдөгү фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо жана куруу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде Сооронбай Жээнбеков фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды модернизациялоо жана куруу боюнча мындан мурда берилген тапшырмалардын ишке ашырылышы менен таанышты.

Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча, бул багыттагы иш эки баскычта жүргүзүлүүдө. Биринчи этапта фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоо Ошто жана Бишкекте жүргүзүлсө, экинчи иретте Баткен, Жалал-Абад жана Нарын облустарында лабораториялар курулмакчы.
Биринчи этапта ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларындагы ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоо жыйынтыкталып, республика боюнча он үч лабораторияны реконструкциялоо каралган жана Баткен, Талас, Каракол жана Балыкчы шаарларында жаңы лабораторияларды салуу пландаштырылууда.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев маалымдагандай, бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусунун Түп районундагы жана Талас облунун Кара-Буура районундагы фитосанитардык лабораторияларды оңдоого тендер өткөрүлгөн. Жалпысынан оңдоо иштерине 26 млн сом каралган, бул иш жакын арада башталып, 40 күндүн ичинде жыйынтыкталмакчы. Ошондой эле Бишкек шаарындагы фитосанитардык лаборатория реконструкцияланып, Ош шаарындагы лабораториянын курулушу башталат.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын соңуна дейре Ош жана Бишкек шаарларындагы ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоо иши жыйынтыкталат. Оптимизациялоонун натыйжасында ветеринардык лабораториялардын саны 30дан 19 дейре кыскарат. Финансылык каражаттын бошотулушуна байланыштуу ветеринардык лабораториялардын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулатылат.

«Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан тарта биз тыштын жардам күтүү менен убактыбызды жоготтук. Бүгүнкү күнгө карата өлкө бюджетинде лабораторияларды модернизациялоо жана куруу үчүн бардык зарыл каражат каралып, өз убактысында бөлүнүүдө. Буга байланшыштуу аталган каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга өзгөчө көңүл буруп, ишти белгинленген мөөнөттө бүтүрүү зарыл» – деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Кеңешмеге биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, Финансы министри Адылбек Касымалиев, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев жана Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Амангелди Исаевдер катышты.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу