Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
13/09 18:24
 

Жыл башынан бери ишкерлерге 3,6 млрд сом жеңилдетилген насыялар берилди

Бишкек, 13-сентябрь /Кабар/. 2016-жылдын 8-сентябрына карата «Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоорунун алкагында республика боюнча 10013 ишкер субъектиге жана жеке жактарга 3 млрд 634 млн сом суммасында жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктар жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер аркылуу берилген насыялардын саны төмөнкүдөй:

- «РСК Банк» ААК – 3983 насыя,
- «Айыл банк» ААК – 3740 насыя,
- КИКБ ЖАК – 1073 насыя,
- «Кыргызстан» ААК – 740 насыя,
- «Бакай банк» ААК – 477 насыя.
Толугураак маалымат тиркемеде.

Маалымат: «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорунун максаты – жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жүргүзүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында 2016-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелердин финансы каражаттары республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык коюмдар менен берилет.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу