Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
09/09 12:13
 

Жыл башынан Кыргызстандын ички дүң продуктусу 0,4% көбөйдү

Бишкек, 9-сентябрь /Кабар/. Кыргызстандын ички дүң продуктусу быйыл январь-августта 260 млрд сомду түзүп, 2015-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 0,4% көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги маалымат жыйынында Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык маалыматтарды таратуу жана жыйынтыктоо иштери бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдубаева билдирди.

Анын айтымында, “Кумтөр” кенин иштетүү ишканасын эсепке албаганда, ички дүң продукту 8 ай ичинде 241 млрд сом болуп, өсүү 2,1% түзгөн.
Өнөр жай продукциясынын көлөмү 8,3% төмөндөп, 114 млрд сомду түзгөн.

“Өнөр жай өндүрүшүнүн мурдагыдай эле бир аз көлөмдө төмөндөшү баалуу металлдар, текстиль, кийим жана курулуш материалдары өндүрүштөрүнүн кыскарышы менен шартталган”,-деп белгиледи ал.

“Керектөө бааларына токтолсок, быйыл январь-августта керектөө бааларынын 2,7% төмөндөөсү байкалган, ал эми өткөн жылдын 1-жарым жылдыгында тескерисинче 0,1% жогорулоосу белгиленген”,-деди Ч.Турдубаева.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу