Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
07/09 18:21
 

Финансы министрлиги: “Бардык бюджеттик уюмдар августтагы маянасын өз убагында алышты”

Бишкек, 7-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү өлкөбүздүн бюджеттик уюмдарынын кызматкерлерине маянаны өз убагында төлөп берүүгө эч кандай таасир этпейт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан башка бюджеттик уюмдардын бардыгы “эмгек акы” беренеси боюнча акча каражаттарын өз убагында алышты. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казынасынын директорунун орун басары Марлен Амандыков билдиргенин Финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, кечээ жакында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн айынан билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында эмгектенгендердин эмгек акысын төлөп берүү кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат тараган. Ушуга байланыштуу Финансы министрлиги бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин маяналарынан кармоо жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу ар кандай маалыматтарды төгүндөйт.

Марлен Амандыков түшүндүрүп бергендей, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлерине эмгек акы төлөп берүүнүн кечиктирилиши аталган мекемеге республикалык бюджеттин кассалык планына ылайык, мурда бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттар жетишсиз болуп калгандыгынан улам келип чыккан.

“Бүгүнкү күндө бул маселе чечилген, башкача айтканда, ушул жылдын 5-сентябрында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун кызматкерлеринин маянасына республикалык бюджеттен кошумча каражаттар бөлүнүп берилген. Мугалимдер менен медиктердин эмгек акысынан кармоо боюнча эч кандай буйрук же көрсөтмө болгон эмес. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары маянадан кармоолор болуп жатыптыр деп билдирип жатышкандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ар бир региондогу бюджеттик уюмдардын кызматкерлерине эмгек акылардын төлөнүшү боюнча бардык маалыматтарды берүүгө даяр.

Ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жумушта анык фактыларды жана текшерилген маалыматтарды гана жетекчиликке алууга чакырабыз”,-деп айтылат Финансы министрлигинин билдирүүсүндө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу