Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
07/09 17:18
 

“Газпром Кыргызстан” 2017-жылга чейин Бишкек шаарынын 22 турак-жай конушун газдаштырууну пландадоодо

“Газпром Кыргызстан” 2017-жылга чейин Бишкек шаарынын 22 турак-жай конушун газдаштырууну пландадоодо

Бишкек, 7-сентябрь /Кабар/. 2017-жылга чейинки инвестициялык программага ылайык, Бишкек шаарынын 22 турак-жай конушун газдаштыруу пландалууда. Бул тууралуу журналисттерге “Кыргызстан газпрому” ЖЧКсынын капиталдык курулуш боюнча башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, мындан тышкары Чүй облусунун 5 району да газ менен камсыз болот.

“Быйыл «Көк-Жар», «Жеңиш», «Салам-Алик», «Кайыңды», «Балбан-Таймаш» элдүү пунктарын газдаштырууну аяктоону пландап жатабыз. “Керемет”, “Касым” жаңы конуштары 2015-жылы газдаштырылган. Кийинки жылы аталган 22 турак жай конушунун калгандарын газ менен камсыз кылабыз”,-деди ал.

М.Сулайманов ошондой эле, “Кыргызстан газпрому” компаниясы башкалаанын турак жай конуштарына өз эсебинен газ жүргүзөрүн маалымдады.

“Эсептегичтер дагы бекер коюлат. Бир гана газды үй ичинде орнотуу абоненттин эсебинен болот. Анын наркы газ түтүктөрүнүн узундугуна жараша бааланат. Жалпысынан үй ичине газ орнотуу ар бир жаранга 20-25 миң сомго айнанат”,-деп кошумчалады М.Сулайманов.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу