Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
07/09 17:05
 

“Газпром Кыргызстан”: 2030-жылы Кыргызстандын калкынын 67%ы газ менен камсыз болот

Бишкек, 7-сентябрь /Кабар/. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын башкы планына ылайык, 2030-жылы Кыргызстандын калкынын 67% жаратылыш газы менен камсыздалат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстандын» капиталдык курулуш боюнча башкы директорунун орун басары Мурат Сулайманов журналисттерге билдирди.

Ал инвестпрограмма 2015-жылдан 2017-жылга чейин үч жылга эсептелгендигин түшүндүрдү. “Азыр үч жылдыкты түзүп жатабыз, ал 2017-2018-2019-жылдар”,-деди М.Сулайманов.

2015-жылдын 30-январында кыргыз Өкмөтүнүн кезексиз отурумунда Кыргызстанды газдаштыруу жана газ менен камсыз кылуу, ошондой эле «Газпром Кыргызстандын» 2015-2017-жылдарга инвестициялык программасы сунуш кылынган.
Программанын алкагында магистралдык газ түтүктөрүнүнүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана иштеп чыгуу каралган, ошондой эле компрессордук бекетти камсыз кылып, модернизациялоо, нормага салуу жана талаптагыдай иштөөсүн стандарттарга салып, бардык газ бөлүштүрүүчү жайда коопсуздук ишин камсыз кылуу жана газ бөлүштүрүүчү тармактарды 2 миң 115,9 км ишенимдүүлүгүн жогорулатуу каралган.

Андагы жыйынга Өкмөт мүчөлөрү, «Газпромдун» төрагасы Алексей Миллер жана башкалар катышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу