Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
05/09 12:25
 

Аскарбек Шадиев: «Эгерде республикалык бюджет аткарылбай калса, анда Өкмөт жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз»

Бишкек, 5-сентябрь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жүрүшүндө 2017-жылдын республикалык бюджетинин долбоору бул жолу парламенттин кароосуна өз маалынан кечикпей келип түшкөнү белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин төрагасы Аскарбек Шадиевдин пикиринде, 2016-жылдын республикалык бюджети 22,5 млрд сом көлөмүндө тартыштык менен кабыл алынгандыктан, аткарылышы жаатында бир катар кооптуу жагдайлар бар. «Өкмөт ушул жылдын май айында бюджетке өзгөртүүлөрдү алып келиши керек эле, бирок ал ушул кезге чейин создугуп жатат. Эгерде республикалык бюджет аткарылбай калса, анда биз Өкмөт жөнүндө маселе коюуга аргасыз болобуз», - дейт ал.

Ал эми каржы министри Адылбек Касымалиев келерки жылдын республикалык бюджети боюнча учкай кеп салып, 2017-жылы фермерлерге берилчү жеӊилдетилген насыялар программасы боюнча 700 млн сом өлчөмүндөгү каражат банктарга субсидиялоо катары бериле турганын билдирди. Бул багытта буга чейин 400 млн сом гана бөлүнүп келген. Ал эми 2016-жылы ал 617 млн сомду түзө турганы болжолдонууда. Быйыл 30-июнга карата 7559 жеӊилдетилген насыяга 2 млрд 607 млн 300 миӊ сом берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу