Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/08 16:42
 

7 айда билим берүү уюмдарынын оңдоп-түзөө иштерине 753,7 млн сом бөлүндү

Бишкек, 30-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү мекемелеринин чыгымдары 11 млрд 256,4 млн сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чыгашалардын корголгон беренелерине 10 млрд 937,4 млн сом, чыгашалардын корголбогон беренелерине 319 млн сом жумшалды. 2016-жылдын 7 айында төмөнкүдөй иш-чаралар каржыланды:

• Жалпы билим берүү уюмдарынын, мектеп-интернаттардын, адистештирилген мектептердин жана балдар үйлөрүнүн 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусуна – 295,8 млн сом;

• Окуу китептерин чыгарууга, мектептерди компьютердик техника жана окуучулук эмерек менен камсыздоого – 62,6 млн сом;

• Жетим балдардын жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жайкы эс алуусуна – 5 млн сом;

• 2015-2016-окуу жылындагы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын 3, 4-этаптарына – 1,6 млн сом;

• 2015-2016-окуу жылында стандартташтырылган тесттер формасында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону пилот түрүндө жүргүзүүгө – 3,1 млн сом;

• Мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына – 2 млн сом;

• Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын универсиадасына – 7,4 млн сом;

• Мектеп окуучуларынын спартакиадасына – 5,4 млн сом;

• «XXI кылымдын интеллектуалдары» конкурсуна – 0,8 млн. сом;

• «Мен кыргызстандык экениме сыймыктанам» иш-чарасына – 0,5 млн. сом;

• «Кылымдардын байланышы үзүлбөсүн» иш-чарасына – 0,3 млн. сом.

Андан тышкары, Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Инвестициялар, оңдоп-түзөө жана материалдык камсыздоо департаментине республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын оңдоп-түзөө иштерине 753,7 млн сом бөлүнүп берилди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу