Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
29/08 11:27
 

«KICB» ЖАК - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банкы

Бишкек, 29-август /Кабар/. «Бирдиктүү күч менен! Бирдиктүү рух менен!» - бул ураан Борбор Азияда жана Кыргызстанда тарых жана маданият жылынын алкагында жогорку деңгээлде өтө турчу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы темасы болуп саналат.

Бул жылы Көчмөндөр оюндарына 23 көчмөн элдин негизги оюндарына 40 өлкөдөн 2000 спортчу катышат. Ысык-Көлдүн жээгинде 3-8-сентябрга чейин өтө турган иш-чараны уюштурууга 1700дөн ашык ыктыярчы жардам берет.

«Кыргыз Инвестициялык Кредит Банк» ЖАК 2014-2016-жылы бул маданий иш-чараны колдоо үчүн демилгени биринчилерден болуп колго алып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өнөктөшү жана расмий банк болгонун аталган банктын басма сөз кызматы билдирди.
Банк демөөрчүлүк кылуунун алкагында, иш-чаранын ачылышы жана жабылыш аземинде чыгармачыл хореографиялык топтун уюштуруусуна каражат бөлөт, ошондой эле эл аралык банк картасы менен байге фондунан накталай акчалай сыйлыкты алууга мүмкүнчүлүк түзүп берет.
Мындан сырткары, банк иш-чаранын коноктору жана катышуучулары акча каражаттарын жеңил жана ыңгайлуу колдонушу үчүн ипподромдун айланасында POS-терминалдарды жана банкоматтарды жабдуулап, колдонууга мүмкүн болгудай кылып камсыз кылат. Бүгүнкү күндө банк Көчмөндөр оюндарына карата чектелген төлөм карталарын чыгаруу демилгелеген.

KICB банкы Кыргыз Республикасынын тарыхын жана маданиятын жайылтуу, колдоо жана бекемдөө максатында аталган иш-чаранын расмий демөөрчүсү жана промоутери болуп саналат. "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары”, - бул дүйнөнүн көчмөн элдеринин маданий мурастары менен эл аралык коомчулукту тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Иш-чараны Кыргызстанда өткөрүү келечектеги жаш муундарга кыргыз элинин күч-кубатын жана маданий байлыгын сактап калуусун сезүүгө шарт түзөт",- деди KICB башкарманын төрагасы Кванг Янг Чой.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу