Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
26/08 11:32
 

Эркинбек Чодуев: «Министрлик 2017-жылы өлкөнүн бардык облустарында фитосанитардык лабораториялар иштеши үчүн аракет кылат”

Бишкек, 26-август /Кабар/. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги 2017-жылы КРнын бардык облустарында фитосанитардык лабораториялар иштеши үчүн мүмкүн болгон аракеттерди көрөт. Бул тууралуу бүгүн агробизнес боюнча форумда Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө сапаттуу лабораториялардын жетишпестигинен жана фермерлердин маалыматынын аздыгынан товарларды сертификаттоодо көйгөй жаралууда. Бирок, ал белгилегендей, өкмөт бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

“Сертификаттоо маселеси өлкөдө али чечиле элек. Фермерлерибизде продукциялардын экспорту үчүн зарыл болгон элементардык лабораториялык чечимдер жок. Кыргызстанда болгону Бишкекте жана Ошто – 2 фитосанитардык лаборатория бар. Жакында өкмөт Ысык-Көл менен Талас облустарында 2 лабораторияны ишке киргизүү үчүн 26 млн сом бөлдү. Эмки жылы фитосанитардык лабораториялар республиканын бардык аймактарында иштеп калат”,-деди ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу