25.08.2016, 10:57

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16,8 млрд кубметрге жетти

 Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16,8 млрд кубметрге жетти

Бишкек, 25-август /Кабар/. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 16,8 млрд кубметрди түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КРнын өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды иштетүү боюнча мамлекеттик комитеттин электр энергетикасы бөлүмүнүн башчысы Марат Чолпонкулов билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясын өндүрүүнүн негизги компоненти Токтогул ГЭСи болуп саналат, сууну топтоо боюнча жакшы жыйынтык бар. “Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 млрд 870 млн кубметрди түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,5 млрд кубметрге көптүк кылат”,-деди ал.