Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
22/08 15:21
 

Премьер-министр: «2017-жылы райондук борборлордун жолун оңдоого бюджеттен болжол менен 1 млрд сом бөлүү пландаштырылууда»

 Премьер-министр: «2017-жылы райондук борборлордун жолун оңдоого бюджеттен болжол менен 1 млрд сом бөлүү пландаштырылууда»

Бишкек, 22-август /Кабар/. 2017-жылы райондук борборлордун жолун оңдоого бюджеттен болжол менен 1 млрд сом бөлүү пландаштырылууда. Бул туурасында «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору талкууланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков билдирди. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«2017-жылы «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча ички булактардан каржылоого 2,9 млрд сом каралган. Аталган каражаттар экспортко багытталган өндүрүштүн инфраструктурасын колдоого бурулат. Буга катар жаңы лабораториялардын курулушуна жана учурда иштеп жаткан ветеринардык дарт аныктоо аймактык борборлорун оңдоого кошумча түрдө 250 млн сом бөлүнүшү каралган», – деди ал.

Ошондой эле, Өкмөт башчы белгилегендей, «Айылдарды каржылоо» насыялоо программасын кеңейтүү үчүн республикалык бюджеттен берилчү субсидиянын суммасын 600 млн сомдон 700 млн сомго чейин жогорулатуу зарыл.

«Биз жыл сайын аталган программаны каржылоону жогорулатуу менен анын көлөмүн 7 млрд сомго дейре жеткирүүбүз керек», – деп белгиледи премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу