Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/08 15:27
 

“Кайыңды-Кант" быйыл Кыргызстанды кант кызылчасы менен 55% камсыздоону пландоодо

“Кайыңды-Кант" быйыл Кыргызстанды кант кызылчасы менен 55% камсыздоону пландоодо

Каинды, 19-август /Кабар/. "Кайыңды-Кант" ААКсы быйыл Кыргызстанды кант кызылчасы менен 55%га камсыздоону пландоодо. Бул тууралуу жакында КР Экономика министри Арзыбек Кожошев менен жолугушууда "Кайыңды-Кант" ААКсынын директору Александр Шалюта билдирди.

Анын айтымында, учурда завод күнүнө 3 тонна кызылчаны иштетүүдө.
“Биз өлкөнү жылына кант менен 25%га камсыз кылабыз. Быйыл кант менен 55%га камсыздоону пландоодобуз. Шопоков шаарында жайгашкан “Кошой” заводу 2007-жылдан бери токтоп турат. Эгерде аны модернизациялап, биргелешип иштеп баштасак, Кыргызстанды сахар менен 100%га камсыз кылууга жетишебиз”,-деди А. Шалюта.

Экономика министри алардын демилгесин жана долбоорун колдой турганын билдирди.

“Өлкөнү ата-мекендик кант менен камсыздоо – азык-түлүк коопсуздугун чечүүнүн бирден бир маанилүү талабы”,-деди министр.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу