Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/08 12:27
 

2017-жылга Өнүгүү бюджети: Ички булактардан капиталдык салымдарга 2,9 млрд сом каралууда

2017-жылга Өнүгүү бюджети: Ички булактардан капиталдык салымдарга 2,9 млрд сом каралууда

Бишкек, 19-август /Кабар/. 2017-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда мамлекеттик тышкы инвестицияларды ички кош каржылоого 1,3 млрд сом пландаштырылууда же бул сумма 2016-жылга салыштырмалуу 332 млн сомго көп. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов 2017-2019-жылдарга республикалык бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуунун жүрүшүндө айтты.

Анын айтымында, өнүгүү бюджети боюнча 30,1 млрд сом каралган, анын ичинен ички булактардан капиталдык салымдарга - 2,9 млрд сом, дем берүүчү гранттарга - 500 млн сом, мамлекеттик инвестициялардын тышкы каржылоосу – 25,3 млрд сом каралууда. Ошондой эле тышкы каржылоонун 19,7 млрд сому насыялар, ал эми 7,8 млрд сому гранттар.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу