Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
19/08 10:17
 

Кыргызстанда өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүгү тууралуу видеоролик тартылды

Бишкек, 19 -август /Кабар/. Өлкөнүн инвестициялык имиджин көтөрүү максатында Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттиги тарабынан JICAнын (Япон эл аралык кызматташтык агенттиги) техникалык көмөгү менен Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү тууралуу видеоролик тартылды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, видеороликти тартуудагы негизги милдет – Кыргызстан инвестиция салуу үчүн жагымдуу шарттарга ээ өлкө экендигин дүйнөлүк коомчулукта таанытуу болуп эсептелет.

Ошондой эле, видеоролик өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ири инвесторлорго маалымат берүүгө жана инвестицияларды мамлекеттик колдоо иш-чараларын маалымдоого багытталган деп белгиледи ведомстводон.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу