Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
18/08 14:40
 

Жалал-Абад мэриясы Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен кызматташат

 Жалал-Абад мэриясы Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен кызматташат

Бишкек, 18-август /Кабар/. Жалал-Абад мэриясы менен Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусу (КРӨФ) өз ара кызматташтыкты чыңдай беришмекчи. Бул тууралуу кечээ эки тараптуу кызматташуу боюнча өз ара меморандумга кол коюу учурунда белгилүү болду.

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын кичи жыйындар залында Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов жана КРӨФ башкармалыгынын жетекчиси Владимир Некрасов эки тараптуу кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул иш-чарага шаардын бийликтеринин, коомчулуктун, аталган фонддун өкүлдөрү катышышты.

Жалал-Абад шаарынын мэри бул эки тараптуу кызматташуу шаар үчүн өзүнүн жемишин берерлигин, азыртан эле ар кандай өнүктүрүү долбоорлору фондго берилип жатканын билдирди.

Ал эми фонддун өкүлү В. Некрасов аймактардан ар кандай долбоорлор түшүп жатканын, алардын саны 415ке жетип, анын ичиенен 74 долбоор Жалал-Абад облусунун аймагына тиешелүү экенин билдирди. Ошондой эле, ал каржылоодогу үстөк пайыздарынын төмөндөтүлүп, 4 пайызга түшкөнүн, ал эми Жалал-Абад шаарынын ишкерлери, бийликтери фонд менен кызматташууда активдүүлүктү көрсөтүп жатышканын баса көрсөтүп кетти.

“Биз кызыктуу, аймактарды өнүктүрүүчү олуттуу долбоорлорду каржылоого даярбыз. Бизге сунуш-талаптар көп түшүп жатат, анын ичинен Жалал-Абад аймагынан да көп. Мунун өзү аймактагы ишкердик активдүүлүктү белгилеп турат”, - деди В. Некрасов.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын жана Россиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы бул фондду түзүү боюнча келишимге 2014-жылдын 24-ноябрында кол коюлган. Ал эми Фонддун ачылышы 2015-жылдын 5-ноябрында жүз берген. Бүгүнкү күнгө карата 118 миллион долларлык нарктагы 333 долбоор жактырылган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу