Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
17/08 19:05
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкө экономикасын кайрадан түзүү боюнча тыгыз иш алып баруу зарыл

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Өлкө экономикасын кайрадан түзүү боюнча тыгыз иш алып баруу зарыл

Бишкек, 17-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-августта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жыйында эки долбоор, тактап айтканда, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган суммасы 10 млн евролук Насостук станцияларды реконструкциялоо жана куруу долбоору жана Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган «80 млн АКШ доллар суммасындагы Борбор Азиядагы жол байланышын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы» долбоору каралды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү экономикалык каатчылыктарга карабастан, ресурстардын чектелгендиги жана салттуу рыноктордун кыскаруу шартында Кыргызстан келечекте өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн негиз түзүүгө мүмкүндүк берген бир катар чараларды кабыл алуусу зарыл.
«2016-жылдын жети айынын жыйынтыгы жыл башында байкалган экономикадагы терс тенденциялардын таасиринин акырындап азайышы менен мүнөздөлөт. 2016-жылдын январында экономикалык өсүштүн 11%дан – 1,2%га чейин төмөндөп, оң темптерге чыгууга мүмкүндүк берген жок. Бирок Кумтөр кенинин иштеп чыгуу боюнча ишканаларын эсепке албаганда, өлкөбүздүн ички дүң продукциясы 1,6%га өстү. Башка жагынан алганда, жети айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгү 71 млрд сомго, же пландан 100,3%га аткарылганы жакшы көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелет. Бул Өкмөткө бардык социалдык милдеттерди 100%га аткарууга жардам берет. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн салмактуу колдоосу менен биргеликте социалдык жактан корголгондук – биздин жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртууга багытталган инвестициялык инфратүзүмдүк долбоорлордун чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Жыйында “Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган суммасы 80 млн доллар болгон “Борбордук Азияда жол байланышын жакшыртуу боюнча программанын үчүнчү фазасы” долбоорунун бет ачарын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министринин орун басары Эркинбек Осоев сунуштады.

Бул долбоор узундугу 37 км Түп-Кеген автожолунун участогун, Каракол шаарынын жана Тамчы шаарынын аэропортторун реабилитациялоону, туризм жана агробизнес секторунда авиа учуулардын коопсуздугун жана атаандаштыкка жөндөмүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды карайт. Долбоор комплекстүү жана ошондой эле ал биздин артыкчылыктуу секторлордун – туризм жана агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Түп-Кеген автожолун куруу коңшу Казакстандын рыногуна чыгуу үчүн зарыл. 2008-жылы эле Өкмөт ушул жолду өз күчү менен реабилитациялоону баштоо чечимин кабыл алган. Бирок тилекке каршы, бюджеттик каражаттардын тартыштыгынан улам курулуш 9 жылга созулуп кетти.
10 млн евро турган насостук станцияларды куруу жана реконструкциялоо долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын орун басары Азамат Оморов маалымат берди. Анын айтымында, азыркы кезде көпчүлүк насостук станциялардын курулушу сезилээрлик физикалык жана моралдык жактан эскилиги жеткен, жылуулук түйүндөрүнөн чыгаруу 75%.
Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүнкү жыйында дал ушундай долбоорлор кароого коюлду.

«Экономикалык системаны активдүү өнөр жай саясаты менен айкалыштырып реформалоо – динамикалуу жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуунун жолу болуп саналат. Мындан ары биз региондор боюнча буга окшогон долбоорлорду карап чыгабыз», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.
Талкуунун жыйынтыгында КР Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү аталган долбоорлорду колдоп, Өкмөттүн кароосуна киргизди.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу