Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
17/08 12:17
 

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” коллекциялык күмүш тыйындары Бишкекте бир күндө сатылып кетти

 “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” коллекциялык күмүш тыйындары Бишкекте бир күндө сатылып кетти

Бишкек, 17- август /Кабар/. “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” коллекциялык күмүш тыйындарынын Бишкек шаарындагы тираждарынын бардыгы сатылып бүттү. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

КР Улуттук банкынын Накталай акча башкармалыгынын башчысы Шамил Айдаркуловдун айтымында, 15-августта жүгүртүүгө чыгарылган бул тыйындардын мындай рекорддук кыска убакытта сатылышынын бир нече себептери бар.
Биринчиден, тыйын чектелип 1000 экземпляр менен чыккан. Экинчиден, монетанын өзгөчөлүү дизайны, технологиясынын ийгиликтүү колдонулгандыгы, квадрат формасында жасалгандыгы чоң роль ойнойт.

“Албетте, тыйындын чыгарылышына “Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун” туш келиши зор роль ойноду. Нумизматтар гана эмес, тыйынга коомчулуктун, көркөм сүрөт искусствосуна ышкыбоздордун кызуугуусу артты”,-деп кошумчалады Айдаркулов.
“Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” жаңы коллекциялык күмүш тыйындарынын калган тираждары Улуттук банктын облустук өкүлчүлүктөрү аркылуу өлкөнүн бардык аймактарында сатылмакчы.

Ошондой эле, кызыккандар 3-8-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда Чолпон-Ата шаарынан да сатып алышса болот. 10 сом номиналындагы бул монета 925-сынактагы күмүштөн жасалган. Баасы 2,7 миң сом.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу