Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
15/08 18:01
 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы борбордук ЖЭБ жергиликтүү көмүргө толугу менен ыңгайлашуусу керек

 Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: 2017-жылы борбордук ЖЭБ жергиликтүү көмүргө толугу менен ыңгайлашуусу керек

Бишкек, 15-август /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын жылуулук электр борборун модернизациялоонун жүрүшү, тактап айтканда, курулган отун-транспорттук цехинин административдик корпусу, ЖЭБ аймагындагы спорттук аянтча, жаңы жабдууларды куруу жана монтаждоо тилкеси жана автотрансформаторлордун абалы менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоору үч баскычтан турат.

«Электр станциялары» ААК башкы директору Таалай Толубаев маалымдагандай, учурда борбордук ЖЭБди модернизациялоонун үчүнчү баскычы ишке ашырылууда, жаңы жабдууларды куруу жана монтаждоо боюнча иштер аткарылууда. Ал белгилегендей, бардык курулуш-монтаждоо иштери белгиленген график боюнча жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата жабдууларды которуу жана түтүктөрдү кайрадан трассировкалоо иштери аткарылган, 37 долбоор ишке ашырылып, анын ичинен турбиналык цех боюнча – 13 долбоор, буу казандар цехинде – 16 долбоор, химиялык цехте – 4, электр цехинде 4 долбоор ишке ашырылган. Ошондой эле 8 агрегатты, 4 түтүк агрегатты жана түтүн өткөргүч түтүктөрдү демонтаждоо боюнча иштер аткарылды. Жаңы блоктордун курулушу үчүн жана бийиктиги 150 метр түтүн түтүктөрү үчүн аянтча даярдалды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоону аягына чыгарууда негизги көңүлдү жергиликтүү көмүр менен камсыз кылууга бурду.
«2017-жылы борбордогу жылуулук электр борбору толук кандуу жергиликтүү көмүргө ыңгайлашуусу керек. Ал убакытка чейин атамекендик өндүрүүчүлөр Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборуна көмүрдүн тийиштүү көлөмүн жеткирүүгө даяр болушу зарыл», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, бул атамекендик көмүр өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү көмүр өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталат.

«Республикада көмүр өндүрүү – өлкөнүн отун-энергетика жаатындагы алдыңкы тармактардын бири болуп саналат. Азыркы мезгилде республикада 42 көмүр кени катталып, анда жалпысынан 1,411 млрд тонна көмүр запасы бар. Бүгүнкү күндө биз жеке өндүрүшүбүздөн керектөөчүлөрүбүздүн жарымынын гана талабын канааттандырып жатабыз, калган бөлүгү импорттолуп келүүдө. Буга байланыштуу атамекендик көмүр кендеринин мүмкүнчүлүгүн толук кандуу колдонуубуз жана көмүр өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүүбүз керек», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

1 из 6

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу