Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
15/08 14:34
 

Алмаз Сазбаков: “ЕАЭБдеги өнөктөштөр Сочидеги жолугушууда Кыргызстандын бардык позициясын кабыл алды”

 Алмаз Сазбаков: “ЕАЭБдеги өнөктөштөр Сочидеги жолугушууда Кыргызстандын бардык позициясын кабыл алды”

Бишкек, 15 -август /Кабар/. Сочидеги ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык кеңешинде Кыргызстан билдирген бардык позициялар кабыл алынды. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, бул өнөктөштөр Кыргызстандын пикирин угат дегенди билдирет.
“Жалпысынан Сочиде жолугушуу жемиштүү өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар маанилүү маселелер каралды. Алардын үстүнөн акыркы бир нече жылдын ичинде иш жүргөн. Азыр документ катышуучу өлкөлөрдүн ички мамлекеттик макулдашуусуна жөнөтүлдү. Эң башкысы процесс башталды. Мындан тышкары, тараптар товарларды жүгүртүүгө көз салуу маселелерин карады. Кыргызстан бул долбоорду 2018-жылдын 1-февралынан баштап пилоттук долбоор катары киргизет. Андан ары жыл ичинде система толук киргизилиши керек. Бул долбоор мамлекетке товар каяктан келди, ким алып келди, кайсы кампаларга сакталат жана башкаларды аныктоого кепилдик берет. Башкача айтканда, ушул жол менен биз рынокту контрафактык товарлардан жана продукцияларды көмүскө айлануудан алып чыга алабыз”,-деп түшүндүрдү министрдин орун басары.

Мындан тышкары, жолугушуу учурунда бирдиктүү дары рыногун түзүү маселеси да каралды.

Алмаз Сазбаков белгилегендей ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын учурдагы маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн жолугушуп турушу зарыл гана болбостон, бирдиктүү иш алып барууда болуп саналат. Келечектеги кызматташтыктын темалары талкууланат.

«Ошондой эле, Сочиде КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен и РФнын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин сүйлөшүүсү да болуп өттү. Тараптар көбүнчө Кыргызстандагы бажы пунктарын жана лабораториялардын жабдылышы тууралуу сөз кылышты”,-деп кошумчалады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу