Экономика

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/08 12:07
 

Улуттук банк “Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл” жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” коллекциялык күмүш тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды

 Улуттук банк “Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл” жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” коллекциялык күмүш тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды

Бишкек, 15-август /Кабар/. КРнын Улуттук банкы “Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл” жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” коллекциялык күмүш тыйындарын чыгарды. Бул тыйындар бүгүнтөн тарта жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги өткөн маалымат жыйында Улуттук банктын акча башкармалыгынын башчысы Шамиль Айдаркулов билдирди.

Анын айтымында, бул тыйындар Улуттун банк тарабынан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына байланыштуу маанилүү тарыхый окуяларды кеңири таанытуу, дүйнөдөгү калктардын улуттук спорт түрлөрүн кайрадан жаралуусу жана аны өнүктүрүү максатында чыгарылган. Кыргызстандын тарыхый-маданият мурасын көргөзгөн коллекциялык тыйындар жаштарды патриоттуулукка жана атуулдук ар-намыска тарбиялоону көздөйт.
Биз бул монеталарды биздин жарандарыбыз билип, мындан ары дагы улуттук жана этникалык спорттун түрлөрүн өнөктүрүү үчүн чыгарганбыз деп белгиледи. Монеталарды чыгаруу менен Улуттук банк улуттук маданиятты жайылтууда өз салымын кошууда.

Анын айтымында, монетанын ломиналы 10 сом. Ал күмүштөн жасалган. Бардык каалоочулар Улуттук банктын кассасынан сатып алса болот.
“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” 2 миң 700 сом, ал эми “Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл” 2 миң 500 сом. Эки монета тең 1000 нускада басылып чыкты. Кыргызстандын тарыхында жалпысынан 59 коллекциялык монета басылып чыкты.

Ал эми Улуттук банктын акча башкармалыгынын эксперт бөлүмүнүн башчысы Медина Ашыралиеванын айтымында, “Эгемен Кыргыз Республикасына 25 жыл” тыйынынын алдыңкы бетине түшүрүлгөн боз үйдүн түндүгү ортосунда туш-тушка чачырап тийген күн нурунун алкагында канатын кере жайган бүркүттүн элеси кыргыз мамлекетинин жана элдердин эркиндигин даңазалайт. Тыйындын сол жагында “25” деген сан жайгашкан. Лал эми кырында тегерете “Эгемен кыргыз Республикасына 25 жыл” деген жазуулар түшүрүлгөн.

Тыйындын арткы бетинин чок ортосунда Кыргыз Республикасынын герби, сол тарабында металлдын сапат белгиси (Ag 925), ал эми оң тарабында тыйындын салмагы көрсөтүлгөн (31,10г).

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” тыйындын алдыңкы бетинде көчмөндөр оюндарынан сюжеттер чагылдырылган. Монетанын чок ортосунда тампондук ыкма “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары/World Nomad Games” жазуусу, ал эми төмөн жагында тыйындын ломиналы (10 осм), тыйындын салмагы (31,10) жана металдын сапат белгиси (Ag 925) көрсөтүлгөн. Монетанын арткы бетинин ортосунда Кыргыз Республикасынын герби жана көчмөндөрдүн ыйык турагы - боз үйдүн элеси чагылдырыган. Монетанын чыгарылган жылы төмөнкү бөлүгүндө көрсөтүлгөн”,-деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу