Өткөн айда энергетикага төлөмдү өз маалында жүргүзбөгөндүгү үчүн 12 миңден ашык абонент өчүрүлгөн
Бишкек, 15-август /Кабар/. “Түндүк электр” ААКнын абоненттеринин электр энергияга болгон карызы 2015-жылдын 1-июль айына 507,7 млн сомду түздү. Июль айында керектөөчүлөр электр энергияга болгон дебитордук карызын 10,8 млн сомго же 2% төмөндөтүштү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен бюджеттик уюмдар энергетиктер алдындагы карызын 7,1 млн сомго же 8,1 %;
калк – 7,9 млн сомго же 2,9 %;
өндүрүш абоненттери – 5,2 млн сомго же 10,2 %га кыскарткан.
Ал эми июль айында дебитордук карыз башка керектөөчүлөрдө – 6,6 млн сомго же 6,5 %;
айыл-чарба керектөөчүлөрүндө – 2,7 млн сомго же 34,8 % жогорулаган.
Дебитордук карыздын төмөндөшү “Түндүк электр” ААК тейлеген аймактардан Чүй жана Талас облустарында байкалууда:
Чүй облусунда – 9,4 млн сомго же 15,4 % га;
Талас облусунда – 3,9 млн сомго же 4 %;
Борбор калаада дебитордук карыздын 2,6 млн сомго же 1,4 % га жогорулаган;
Июль айында энергетикага болгон төлөмдү өз маалында жүргүзбөгөндүгү үчүн 12 465 абонент өчүрүлгөн.