Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/08 15:30
 

Шумкарбек Адилбек уулу: “Өкмөт Жогорку Нарын жана Камбар-Ата ГЭСтери боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгышы керек”

Шумкарбек Адилбек уулу: “Өкмөт Жогорку Нарын жана Камбар-Ата ГЭСтери боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгышы керек”

Бишкек, 11-август /Кабар/. Кытай,Турция жана Европанын инвесторлору Камбар-Ата ГЭСинин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын курулушуна кызыктар (Германия, Чехия). Бул тууралуу «Кабар» агенттигине инвесторлорду тартуу агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу билдирди


Белгилей кетсек, быйылкы жылдын 9-августунда Кыргызстандын Өкмөтү менен Россиянын ортосундагы Жогорку Нарын каскадынын гидроэлектрстанцияларын жана Камбар –Ата – 1 ГЭСин куруу боюнча 2012-жылдын 20-сентябрында коюлган келишим жокко чыгарылган.

2016-жылдын 20-январында Жогорку Кенештин депутаттары кыргыз-орус өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата – 1 ГЭСин жана ЖНК ГЭСи боюнча курулушту жана эксплуатация боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу боюнча добуш беришкен.

Шумкарбека Адилбек уулунун айтымында, келишимди бир тараптуу жокко чыгарууга чейин Кыргызстан башка инвесторлордон түшкөн сунуштарды карай алган эмес.

“9-августтан баштап бизде мындай мүмкүнчүлүк түзүлдү. Инвесторлор тарабынан кызыгуулар болуп жатат.
Бирок, сөз жөнөкөй кызыкчылык жөнүндө болууда. Азыр Кыргызстандын өкмөтүнө бирдиктүү көз карашты иштеп чыгышы керек. Башкача айтканда, долбоорду кандай шартта ишке ашыруу керек экендигин аныктап алуу зарыл. Бир нече күн мурун келишим толугу менен жокко чыгарылды, ал эми бир аз убакыттан кийин конкреттүү сунуштар карала баштайт”,-деп түшүндүрдү ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу