Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
11/08 14:57
 

2017-жылы быйылкы жылга салыштырмалуу социалдык чөйрөгө 8 млрд сомдон көп акча жумшоо пландалууда

Бишкек, 11-август /Кабар/. 2017-жылы социалдык чөйрөнүн чыгымдары өлкөбүздүн ички дүң продукциясынын 16%ын же болбосо жалпы чыгымдардын 51%ын түзөт, - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Билим берүү, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Мухтарбек Баймурзаев 8-августта Ош шаарында өткөн ачык бюджеттик угуунун жүрүшүндө.

Анын айтымында, тармактар боюнча алып караганда, саламаттык сактоого 16,6 млрд сом, эс алуу, маданият жана динге 4 млрд сом, билим берүүгө 33,5 млрд сом, социалдык коргоого 27 млрд 280 млн. сом каралууда. Бардыгы болуп социалдык тармакка 2017-жылы 81,38 млрд сом пландаштырылып жатат.

Эске сала кетсек, 2015-жылы социалдык чөйрөнүн чыгымдарын каржылоого республикалык бюджеттен 64 млрд сом сарпталган. Ал эми 2016-жылга бекитилген республикалык бюджетте социалдык чөйрөнүн чыгымдарын каржылоого 73 млрд сом каралган. Үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында социалдык чөйрөгө республикалык бюджеттен 33 млрд 739,5 млн сом бөлүнгөн.

М.Баймурзаевдин билдирүүсү боюнча, социалдык чөйрөнүн чыгымдарынын өсүшүнүн башкы себептеринин бири – мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы. Эгерде 2015-жылы мугалимдердин маянасын жогорулатууга бюджетте 2,2 млрд сом каралган болсо, 2016-жылы – 6,6 млрд сом, 2017-жылы да – 6,6 млрд. сом каралган.
Мындан тышкары, 2016-жылы саламаттык сактоо тармагында гемодиализ кызматтарын көрсөтүүгө 265 млн сом каралса, 2017-жылы 300 млн сом, ал эми медикаменттерди алууга 230 млн сом каралууда. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо программасынын негизинде 2017-жылдын 1-ноябрынан баштап кепилдик кылынган минималдуу кирешени 10%га жогорулатуу, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бир жолу берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмүн 775 сомдон 850 сомго көбөйтүү, социалдык чөйрөнүн кенже жана техникалык кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатууга 1,3 млрд сом жумшоо пландалууда. Мунун баары социалдык чыгымдардын көбөйүшүнүн эң негизги себептеринен болууда.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу