Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
10/08 16:15
 

Финансы министрлиги: Ош облусу боюнча 83 айыл өкмөтү датациялык болуп саналат

Бишкек, 10-август /Кабар/. Бүгүнкү күндө Ош облусунда 88 айыл өкмөттүн ичинен бешөө гана өзүн-өзү каржылайт. Бул тууралуу 8-августта Ошто өткөн ачык коомдук угууда жергиликтүү бюджетти пландаштыруу мониторинг башкармалыгынын башкы адиси Давлатбек Искандаров билдирди.

Анын айтымында, мындай айыл өкмөткө: Алай районундагы Талды-Суу айыл өкмөтү,
Араван районундагы Алианаро айыл өкмөтү, Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтү жана Сарай айыл өкмөтү, Ноокат районундагы Кулатов айыл өкмөтү кирет.

Мындан тышкары, Д.Искандаров тоолуу аймактарда жашагандар үчүн катаал климаттык шарттарга байланыштуу жыл сайын электр энергиясын пайдаланууга республикалык бюджеттен компенсация берилип тураарын айтты. Компенсациянын жалпы суммасы 19 млн 936,5 миң сомду түзөт. Компенсация 2015-жылдан тартып тегиздөөчү гранттык каражаттардын эсебинен төлөнүп келет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу