Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
09/08 13:09
 

Сергей Пономарев: “Деңиз логистикасы эң арзан болуп саналат, ошондуктан Кыргызстан портко чыгуунун жолдорун издеши керек”

Сергей Пономарев: “Деңиз логистикасы эң арзан болуп саналат, ошондуктан Кыргызстан портко чыгуунун жолдорун издеши керек”

Бишкек, 9-август /Кабар/. Деңиз жол транспорту арзан болуп саналат, ошондуктан транзит үчүн Кыргызстанга Ирандын портторун алып келүү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине ишканалар, базарлар жана кызмат бирикмесинин президенти Сергей Пономарев билдирди.

Эскерте кетсек, экономика министрлигинин маалыматы боюнча Иран транзит үчүн Кыргызстанга порт зонасын берүүгө даяр экенин билдирген.
Ведомстводон Кыргызстан тарап бул маселе боюнча бизнес коомчулугунун пикирин билиш үчүш аларга кайрылганын билдирди.

Бизнес өкүлдөрүнүн бири С.Пономаревдун айтымында, географиялык абалда карай турган болсок Кыргызстан туңгуюкка кептелген.

«Биз түйүндөрдүн деңизге чыгуу жолдорун табышыбыз зарыл. Деңиздеги логистика жаман эмес, жакшы эле өнүгүүдө. Иран аркылуу дүйнөнүн ар бир бурчуна жетүүгө болот. Кытайдын концепциясында Экономикалык Жибек Жолу жана деңиз Жибек Жолуна башка деңиз жолдорго биздин өлкө аркылуу чыгууну караштырып жатышат.
Эски экономикалык моделдин калыбына келтирилип жатат, объектилерин куруу үчүн 21 триллион 200 миллиард доллар бөлүндү. Тарыхта буга чейин мындай долбоорлорго чоң көлөмдөгү акча бөлүнгөн эмес. Бирок бул келечектин долбоору, азыр бизге колубуздагы колдогу мүмкүнчүлүктү сактап калышыбыз керек”, - Сергей Пономарев.

Экономист Иран деңиз жолдору аркылуу Европа жана АКШ базарларына чыгууга мүмкүн экенин белгиледи.
"Бизде ВСП+ боюнча артыкчылыктар бар. Ал боюнча ЕС өлкөлөрүнө 6 миңден ашык товарларды алымсыз (пошлина) жөнөтө алабыз. Кыргызстан бүгүнкү күндө Европада таңсык болуп жаткан айыл чарба продукцияларын жөнөтө алат. Бирок, кайра иштетилген товарды экспорттогон кирешелүү. Мен билгенден биздин айрым товарлар АКШга чейин сатылып, кеңири талапка ээ болууда жана конкуренцияга туруктуу. Албетте, жөнөткөндөрүбүздүн көлөмү аз, бирок экспортко чыгарып жатабыз”,- деп жыйынтыктады ал.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу