08.08.2016, 14:08

Шабдан Иманкулов: “Балыкчи – Чолпон-Ата – Корумду автожолунун биринчи катмары 20-августка чейин төшөлөт”

Шабдан Иманкулов: “Балыкчи – Чолпон-Ата – Корумду автожолунун биринчи катмары 20-августка чейин төшөлөт”

Бишкек, 8-август /Кабар/. Балыкчи – Чолпон-Ата – Корумду автожолунун экинчи катмары 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан кийин төшөлөт. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Шабдан Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, пландалган иштерден тышкары республикалык бюджеттен 3 объектке акча каражаты бөлүнгөн. Алар – Манас аэропортунун, Балыкчы шаарындагы Абдырахманов борбордук көчөсүнүн жолдору жана Балыкчи – Чолпон-Ата – Корумду автожолу.

“Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду автожолунун биринчи катмары 20-августка чейин төшөлөт. Экинчи катмары 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан кийин төшөлөт. Мындай кылуу жолдун сапатына эч кандай тескери таасир тийгизбейт. Учурда эски асфальт бар жерлерде курулуш иштерин баштоо керекпи же жокпу деген маселени чечүү зарыл болуп турат”,-деди Ш.Иманкулов.

Жол чарба департаментинин директорунун орун басары ошондой эле бөлүнгөн объекттерде бир аз гана иштер калгандыгын белгиледи.