Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
05/08 15:08
 

Экономика министрлиги: Өкмөт өлкөнүн ветеринардык абалын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ЕЭКтин чечимин күтүп жатат

Бишкек, 5-август /Кабар/. Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнө эт азыктарын экспорттоо Казакстан менен чек арадагы ветеринардык көзөмөл алынгандан кийин жакшырат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Эскерте кетсек, Нарын шаарынын ишкерлери ЕАЭБ өлкөлөрүнө эт азыктарын экспорттоого шарт түзүп берүүнү суранышууда. Ишкерлер КРнын аталган альянска киргенден кийин биримдикке мүчө өлкөлөргө эт азыктарын экспорттоо үмүтү ишке ашпай жатканын айтышкан. Ушуга байланыштуу эттин баасы арзандап, бүгүнкү күндө 200 сомду түзүүдө.

Алар “Торугарт-унаажол” текшерүү-көзөмөл бекетинде атайын татаалдаштырып жатышат, анын кесепетинен нарындык ишкерлер Кытайга эт өткөрө албай жатканын кошумчалашкан.

Д.Иманалиевдин айтымында, Евразия экономикалык комиссиясынын атайын комиссиясы кыргыз лабораторияларын текшерүү, аймакты зоналаштыруу жана башкалар боюнча иштерди жүргүзүшкөн, азыр бары анын чечимин күтүп жатышат.
“Акыркы сапардын жыйынтыгы боюнча чечим даярдалып жатат, анда ветеринардык көзөмөл качан алынары тагыраак айтылат. Бирок, көзөмөл алынбаганына карабастан ЕЭКтин чечими менен 12 ата мекендик ишкана ЕАЭБге продукция ташуу тизмесине кирген. Алар эч кандай тоскоолдуктарсыз биримдиктин аймагына экспорттой алышат. Өкмөттүн акыркы жыйынында Айыл чарба министрлигине бул тизмени көбөйтүү тапшырылды”,-деп белгиледи ал.

Ошондой эле, Экономика министринин орун басары экспорт маселесиндеги негизги көйгөйлөрдүн бири өндүрүлгөн продуктылардын көлөмүнүн аздыгында болуп жатат деп кошумчалады.

“Ошондуктан, азыр биз жеңилдетилген насыяларды 100 гектардан ашык жер айдаган фермерлерге берүү үчүн концепция сунуштап жатабыз. Биз Казакстан менен Россиянын супермаркетине чыктык. Негизги талап аларда – белгилүү көлөмдө товарды үзгүлтүксүз жеткирүү болуп саналат. Эт-сүт бөлүгүндө бизде чечүү керек болгон 3 негизги учур бар – аймакты зоналаштыруу, вакцинация жана жаныбарларды идентификациялоо”,-деди Д.Иманалиев.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу