Экономика

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
03/08 15:23
 

«Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоору боюнча 3 млрд сомго жакын насыя берилди

Бишкек, 3-август /Кабар/. Кыргызстанда «Айыл чарбаны каржылоо-4» долбоору боюнча 2016-жылдын 28-июлуна карата 2 млрд 993 млн 562,8 миң суммасында 8389 дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Долбоорго катышкан коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелер аркылуу төмөнкүдөй насыялар берилди.
- «РСК Банк» ААК – 3268 насыя,
- «Айыл банк» ААК - 3254 насыя,
- КИКБ ЖАК – 837 насыя,
- «Кыргызстан» ААК – 564 насыя,
- «Бакай банк» ААК - 466 насыя.

Маалымат үчүн: «Айыл чарбаны каржылоо – 4» долбоорунун максаты - жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыздоо аркылуу республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына 2016-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында өткөрүү жана мал чарбачылыгын, өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү секторун жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоордун алкагында 2016-жылдын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүктү, мал чарбачылыгын, айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнү жана айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн коммерциялык банктардын жана адистештирилген финансы-кредиттик мекемелеринин финансы каражаттары республиканын ишкер субъекттерине жана жеке жактарына жеңилдетилген пайыздык коюмдар менен берилет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу