Экономика

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
03/08 13:15
 

Эксперт: “Эгер Токтогул ГЭСинде 16 млрд куб метр суу топтолсо, анда электр энергиясын импорттоонун зарылдыгы чыкпайт”

 Эксперт: “Эгер Токтогул ГЭСинде 16 млрд куб метр суу топтолсо, анда электр энергиясын импорттоонун зарылдыгы чыкпайт”

Бишкек, 3-август /Кабар/. Эгер күзгү-кышкы мезгилде Токтогул суу сактагычында 16 млрд куб метр суу топтолсо, анда Кыргызстанга электр энергиясын импорттоонун зарылдыгы чыкпайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине энергетика маселеси боюнча эксперт Дүйшөн Маматканов билдирди.
Эскерте кетсек, Тажикстан Кыргызстанга электр энергиясын экспорттоодон баш тарткан болчу. Алар муну коңшу өлкөдө өндүрүш ишмердүүлүгү көбөйүп, кошумча энергия талап кылып жатканы менен байланыштырышкан эле.

Д.Маматкановдун айтымында, чындыгында бул жылы Кыргызстанга өзүнүн электр энергиясы жетиштүү болушу мүмкүн.
“Эгер Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16 млрд куб метрден ашса жана аны коңшу өлкөлөргө агызып жиберишпесе, анда ал калкты электр энергиясы менен камсыздоого жетет. Тажикстандын көз карашы боюнча мен таң калып жатам, биздин өлкө алар менен кантип келишим түзгөнүнө. Анткени, аларда өздөрүндө электр энергиясы жетишпейт”,-деди ал.

Муну менен катар, эксперт Кыргызстан суу ресурстарын пайдалануунун саясатын иштеп чыгуусу керек деп белгиледи. “Эгер ишти ушул багытта баштабаса, анда электр энергиясын дайыма импорттоого туура келет”,-деди эксперт.

Эскерте кетүүчү жагдай, “Электр станциясы” ААКтын расмий маалыматы боюнча 2016-жылдын 2-августуна карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16 млрд 145 млн куб метрди түзгөн.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу